Ташкент, 06.03.26. /Кабар/.Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен этникалык кыргыз айымы Айчүрөк Буранова "Шухрат" ("Даңк") медалы менен сыйланды. Сыйлык 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында ыйгарылды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик сыйлык коомдун өнүгүшүнө салым кошуп, өлкөдөгү реформаларды ишке ашырууга активдүү катышкан аялдарга берилди.
Айчүрөк Буранова Андижан облусунун Көргөн- Төбө районундагы "Flowers Anya" жоопкерчилиги чектелген коомун жетектейт. Ал үй жана декоративдик гүлдөрдү өстүрүү менен алектенет.