Өзбекстанда эски унааларды пайдаланууга чектөө киргизилет

Борбор Азия Загрузка... 04 Октябрь 2025 10:26
photo_04.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.10.25. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстанда чыгарылганына 50 жыл болгон унааларды пайдаланууга жана кайра каттоого тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн токтом долбоорун ИИМ коомдук талкууга чыгарды.

Эрежеге ылайык, мындай автоунаалар каттоодон алынат. Бирок антиквардык макамы берилген автоунааларга уруксат берилет.

2025-жылга карата өлкөдө 5,2 млн автоунаа катталган, анын 87,6 миңи 50 жылдан ашкан. ИИМдин маалыматына ылайык, мындай автоунаалар экологиялык жана коопсуздук талаптарына жооп бербейт, зыяндуу калдыктарды көп бөлөт.

2024–2025-жылдары мындай автоунаалар катышкан 67 жол кырсыгы катталып, 23 адам каза болгон.

Эске салсак, чет өлкөлөрдө да ушундай чектөөлөр бар. Маселен, БАЭде 20 жылдан ашкан автоунааларды каттоого 2009-жылдан бери тыюу салынган. Казакстанда автобустардынмөөнөтү 12 жыл, Россияда 10 жыл менен чектелет.