Өзбекстанда экономиканы көмүскөдөн чыгаруу чаралары кеңейтилет

Борбор Азия Загрузка... 02 Февраль 2026 14:50
m_02..jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.02.26. /Кабар/. Өзбекстанда экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган чараларды кеңейтүү пландалууда. Бул тууралуу нормативдик-укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлган порталдан маалым болду.

Долбоорго ылайык, чекене соода жана коомдук тамактануу тармагында иштеген ишкерлер колдонгон автоматташтырылган эсепке алуу системаларын салык органдарынын маалыматтык тутумдары менен милдеттүү түрдө интеграциялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү каралууда. Талаптарды бузгандарга Салык кодексине ылайык жоопкерчилик каралат.

2026-жылдын 1-июнуна чейин коомдук тамактануу ишканалары буйрутмаларды эсепке алуу системалары менен толук жабдылып, алар контролдук-кассалык техникага туташтырылат. Ал эми июль айынан тартып мунай продуктулары, курулуш келишимдери жана кыймылсыз мүлк боюнча кошумча электрондук көзөмөл чаралары киргизилет.

Ошондой эле «Нотариус» автоматташтырылган тутумун салык органдары, банктар жана төлөм уюмдары менен интеграциялоо сунушталууда.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы Өзбекстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 39,62 млрд долларды түзгөн.