Өзбекстанда Достук фестивалы өтүүдө

Борбор Азия 25 июль 2025 17:21
Өзбекстанда Достук фестивалы өтүүдө

Ташкент, 25.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда 25-июлдан 31-июлга чейин "Достук фестивалы" өтүп жатат, деп кабарлайт "Дунё" агенттиги.

Иш-чаранын башкы максаты — ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн ортосундагы биримдик менен ынтымакты чыңдоо.

Майрамдын алкагында Ташкентте “Жаңы Өзбекстандын өнүгүүсүнүн өзөгү — жалпы улуттук биримдикти бекемдөө” аттуу эл аралык конференция, “Өзбекстан — жалгыз Мекен” урааны астында улуттук маданий борборлордун көргөзмөлөрү жана Өзбекстан менен Кыргызстандын өнөрпоздорунун концерттери өтөт.

Мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарында ар кыл маданий, илимий жана агартуу мүнөзүндөгү иш-чаралар өткөрүлөт.

Өзбекстанда 30-июль Элдер достугу күнү деп жарыяланган. Өлкөдө 130дан ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, этникалык кыргыздардын саны жарым миллион адамдан ашат.