Ташкент, 12.03.26. /Кабар/. Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында Өзбекстанда долбоорлорду экспертизадан өткөрүү системасын өркүндөтүү маселеси каралды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Быйыл өлкөнүн аймактарына жана экономиканын тармактарына 50 млрд доллардан ашуун инвестиция тартуу, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди курууга 24 трлн сум (болжол менен 1,9 млрд доллар) бөлүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар аркылуу 300 трлн сумдан (болжол менен 23–24 млрд доллар) ашуун товар жана кызматтарды алуу пландалып жаткандыктан, долбоорлорду экспертизадан өткөрүү системасын өркүндөтүү зарылдыгы белгиленди.
Президенттин жарлыгы менен Долбоорлорду жана импорттук келишимдерди комплекстүү экспертизалоо борбору Өнөр жай кооперациясы жана мамлекеттик сатып алуулар агенттигинин карамагына өткөрүлүп, анын ишин жаңылоо боюнча милдеттер коюлду.
Жыйында тармактагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Тактап айтканда, борбордун ишинде санариптештирүүнүн жетишсиздиги жана тобокелдиктерди талдоо ыкмаларынын жоктугу кызматкерлерге түшкөн жүктүн көбөйүшүнө алып келген. Мындан улам долбоорлорду алардын баасына жана тобокелдик деңгээлине жараша кароо, ири долбоорлор боюнча параллелдүү экспертиза жүргүзүү сыяктуу сунуштар айтылды.
Ошондой эле экспертиза иштерин санариптештирүү үчүн бирдиктүү маалыматтык платформа түзүү пландалууда. Президент долбоорлорду кароодо ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтып, экспертизанын сапатын жана ылдамдыгын жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.