Өзбекстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук үчүн жаза катаалданат

Борбор Азия Загрузка... 26 Январь 2026 16:50
g_26.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигин кескин күчөтүү пландалууда. Бул тууралуу «Өзбекстан — 2030» стратегиясын ишке ашыруу боюнча программанын долбоорунда айтылат. Документ учурда коомдук талкууга коюлган.

Долбоорго ылайык, 14 жашка толо элек балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар үчүн эң жогорку жаза — өмүр бою эркинен ажыратуу каралууда. Ошондой эле балдарга карата сексуалдык жана башка зомбулук фактылары боюнча кылмыш иштерин тергөө толугу менен прокуратуранын өзгөчө ыйгарым укугуна өткөрүлөт.

Мындан тышкары, аялдарга жана балдарга карата зомбулук, кысым көрсөтүү учурларын натыйжалуу иликтөө жана соттук кароону камсыз кылуу максатында, атайын даярдыктан өткөн тергөөчүлөр менен судьялардан турган адистештирилген корпус түзүү мерчемделүүдө.

Серепчилердин баамында, бул чаралар калктын эң аялуу катмары болгон балдардын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле сексуалдык кылмыштарга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.