Ташкент, 29.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Өзбекстанда никеге турууну расмий каттаткандардын саны азайып, ажырашуулардын көрсөткүчү кайрадан өстү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Жарандык абал актыларын каттоо органдары тарабынан 267,1 миң нике катталган. Никеге туруунун көрсөткүчү акыркы беш жыл ичинде ырааттуу түрдө төмөндөп келе жатат. Тактап айтканда, 2021-жылы бул көрсөткүч 305 миңден ашкан. Ал эми 2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы катталган никелердин саны 4,7 миң учурга кыскарган.
Отчеттук мезгилде 46,9 миң ажырашуу катталган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1,8 миң учурга көп. Акыркы беш жылдык маалыматтарга ылайык, ажырашуулардын азыркы деңгээли 2021-жылдагы көрсөткүчтөн кыйла жогору. Ал жылы 39,3 миң ажырашуу катталган.
Адистердин айтымында, түзүлгөн жана бузулган үй-бүлөлөрдүн ортосундагы айырманын кыскарышы өлкөдөгү социалдык өзгөрүүлөрдү чагылдырат.