Өзбекстанда армияны жаңылоонун башкы багыттары аныкталды

Борбор Азия Загрузка... 15 Январь 2026 10:01
14_ie.webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.01.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти, Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, анда өлкөнүн аскердик коопсуздугун чыңдоо жана коргонуу тутумун модернизациялоо маселелери каралды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында заманбап согуштардын мүнөзү өзгөргөнү белгиленип, армияны жасалма интеллект, санариптик башкаруу, киберкоопсуздук, роботтук жана учкучсуз технологиялар менен жабдуу башкы багыт катары аныкталды.

Президент аскердик билим берүү тутумун түп-тамырынан жаңылоо зарылдыгын белгилеп, кызмат өтөөнү кесиптик даярдык менен айкалыштыруу, 3–6 айлык окуу программаларын киргизүү жана аскерлерге жарандык кесип алууга шарт түзүү тапшырмасын берди. Жыл сайын миңдеген жоокерлер IT жана жасалма интеллект багытындагы программаларга тартылат.

Ошондой эле коргонуу өнөр жайын өнүктүрүү, аскердик технопарктарды кеңейтүү, киберкоопсуздукту бекемдөө жана заманбап курал-жарак менен камсыз кылуу приоритет катары белгиленди.

Социалдык колдоо чараларынын алкагында офицерлердин кызмат өтөө үчүн берилген кошумча акысы эки эсеге көбөйтүлүп, контракттагы аскерлердин айлыгы 10 пайызга, жарандык кызматкерлердики 20 пайызга жогорулатылары айтылды.

Жыйын Куралдуу күчтөрдүн 34 жылдыгы жана Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоо сөздөрү менен жыйынтыкталды.