Өзбекстанда АИ-80 бензинин сатуу токтотулду

Борбор Азия Загрузка... 03 Сентябрь 2025 10:15
WhatsApp Image 2025-09-03 at 10.13.18.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.09.25. /Кабар/. 2-сентябрдан тартып «Узбекнефтегаз» компаниясы АИ-80 маркасындагы бензинди биржа аркылуу толугу менен сатууну токтотконун билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул кадам ички базарга сапаты жогору күйүүчү майды көбүрөөк сунуштоого багытталган.

АИ-80дин ордуна эми жогорку октандык АИ-92 бензининин көлөмү кыйла көбөйтүлдү. Мурун биржага болжол менен 1 миң тонна АИ-92 чыгарылса, азыр анын көлөмү 1 720 тоннага жетти. Зарыл болсо, суроо-талапка жараша мындан да көбөйтүлөрү айтылды.

Ошондой эле «Узбекнефтегаз» август айында АИ-80 бензинин сатып алган кардарлар менен түзүлгөн келишимдер толук аткарылаарын, калган отун сентябрь ичинде жеткирилерин кошумчалады.