Өзбекстанда АЭС курулушунун башталышы жылдырылышы мүмкүн

Борбор Азия Загрузка... 29 Январь 2026 17:50
g_27_.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 29.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда атомдук электр станциясын курууда «алгачкы бетон» этабына өтүү 2026-жылдын декабрь айына жылдырылды. Бул тууралуу өлкөнүн Адилет министрлиги билдирген 2026-жылга карата мамлекеттик программанын долбоорунда айтылат.

Маалыматка ылайык, «алгачкы бетон» этабы бардык тиешелүү уруксаттар жана ыйгарым укуктуу органдардын макулдуктары алынгандан кийин гана башталат. Буга чейин Атомдук энергия агенттигинин директору Азим Ахмедхаджаев чакан АЭСте алгачкы бетон 2026-жылдын март айына пландалганын билдирген.

Ошондой эле 2026-жылы АЭСти кайра долбоорлоону эске алуу менен Россиянын «Росатом» корпорациясы менен кошумча келишим түзүү, консультанттарды тартуу жана даярдык иштерин аяктоо мерчемделүүдө.

Эске салсак, Өзбекстан менен Россия Жиззах облусунун Фариш районунда чакан жана ири АЭСти бир аянтта куруу боюнча макулдашкан. Энергоблокторду ишке киргизүү 2029–2035-жылдарга пландалууда.