Өзбекстанда 50 жылдан ашкан унааларды жолго чыгарууга тыюу салынат

Борбор Азия Загрузка... 26 Январь 2026 15:50
g_26_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда 1-февралдан тартып чыгарылганына 50 жыл же андан ашкан автоунаалардын жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүшүнө тыюу салынат.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, укук коргоо органдары жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик кызматтын каттоо бөлүмдөрү мындай автоунааларды кайра каттоону токтотот.

Эски автоунаалар «антиквардык» макам алганда гана мыйзамдуу пайдаланылат. Бул үчүн унаа белгиленген талаптарга жооп берип, түп нускасында сакталган жана ишке жарамдуу абалда болушу шарт. Атайын экспертизадан кийин гана ага пайдаланууга уруксат берилет.

Ошону менен катар 1-февралдан тартып транспорт каражаттарын айырмалоонун жаңы визуалдык тартиби киргизилет. Атайын сериядагы мамлекеттик номер белгилери колдонууга берилип, жол кыймылындагы автоунаа агымын так бөлүштүрүү көздөлөт. Бул тартип жүк ташуучу автоунааларга, карьердик самосвалдарга, эркин каттамдагы таксилерге жана «антиквардык» автоунааларга тиешелүү болот.