Ташкент, 14.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда 2025-жылы өндүрүштө 50 топтук кырсык катталып, 583 учур оор кесепет менен аяктаган. Кырсыктардын натыйжасында жалпысынан 961 адам жабыркап, алардын 680у оор, 33ү жеңил жаракат алган, 248 адам көз жумган. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик эмгек инспекциясы маалымдайт.
Көрүлгөн чаралардын алкагында 432 кызмат адамына карата кылмыш иши козголуп, 241 адам административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.
Жооптуу мекемелер эмгекти коргоо талаптарын так сактоо ар бир жумуш ордунда башкы милдет бойдон калууга тийиш экенин белгилешет.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Өзбекстанда эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан 868 кырсык катталып, анда 974 кызматкер жабыркап, 261 адам каза болгон.