"Самарканд-2028" спутниги орбитага ийгиликтүү учурулду

Борбор Азия 7 август 2026 16:30
"Самарканд-2028" спутниги орбитага ийгиликтүү учурулду

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. 5-августта кытайлык STAR.VISION компаниясы Өзбекстандын Жерге алыстан байкоо жүргүзүүгө арналган "Samarkand-2028" спутнигин ийгиликтүү орбитага чыгарды. Бул тууралуу чет элдик илимий маалыматтарга таянып Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазды.

Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — спутникке Өзбекстандын "Өзбеккосмос" агенттигинин адистери иштеп чыккан жасалма интеллект модулунун орнотулушу. Бул технология маалыматтарды түздөн-түз орбитада иштеп чыгууга мүмкүндүк берип, анализ жүргүзүү процессин тездетет жана Жерге жөнөтүлүүчү маалыматтын көлөмүн азайтат.

Спутник өз атын 2028-жылы Самарканд шаарында өтө турган 79-Бүткүл дүйнөлүк астронавтика конгрессине байланыштуу алган.

"Өзбеккосмос" агенттигинин директору Шухрат Кодировдун айтымында, "Samarkand-2028" өлкөнүн космостук технологияларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн көрсөттү.

Жаңы спутник айыл чарба жана суу чарбасында, айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүдө, жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөөдө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана шаар курууда колдонулат.