Өзбекстан тышкы саясат концепциясын жаңылайт

Борбор Азия Загрузка... 16 Январь 2026 12:10
16_m.webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.01.26. /Кабар/. Өзбекстан тышкы саясий ишмердүүлүктүн концепциясын кайра карап чыгууну пландоодо. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев тышкы саясат маселелерине арналган жыйында билдирди.

Мамлекет башчысы дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөр, эл аралык мамилелердеги туруксуздук жана глобалдык экономикалык трансформациялар тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарга ылайык жаңыртууну талап кыларын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдардагы ачык жана тең салмактуу саясаттын аркасында Өзбекстандын эл аралык аброю бекемделди. Ошол эле учурда глобалдык коопсуздуктагы өзгөрүүлөр, жаңы экономикалык союздардын жана соода багыттарынын калыптанышы дагы да активдүү жана натыйжага багытталган тышкы саясатты зарыл кылууда.

Ушуга байланыштуу президент тышкы саясий ишмердүүлүк концепциясын жаңылоонун, анын артыкчылыктуу багыттарын кайра кароонун зарылдыгын айтты.

Белгилей кетсек, бул концепция 2012-жылдын 10-сентябрында биринчи президент Ислам Каримов кол койгон мыйзам менен бекитилген. Азыр документ Улуттук мыйзамдар базасында (Lex.uz) жок.