Ташкент, 26.06.25. /Кабар/. Өзбекстан 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык индексинде 19 орунга жогорулап, 62-баскычты ээледи.
SDSN (Sustainable Development Solutions Network) уюмунун маалыматына ылайык, өлкө 73 упай топтоп, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын болжол менен 45 пайызына жетишкен.
Өзбекстан Борбор Азия жана Чыгыш Европада бул көрсөткүч боюнча эң тез өнүгүп жаткан өлкө деп табылды. Мындай жыйынтык Президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан терең реформалардын негизинде жүзөгө ашкандыгы айтылат.
Маалымат үчүн: Бул отчёт жыл сайын Туруктуу өнүгүү боюнча чечимдер тармагы (SDSN) тарабынан көз карандысыз баалоонун негизинде даярдалат. Ал өлкөлөрдүн Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдөгү прогресс деңгээлин чагылдырат. Бул тармак Колумбия университетинин профессору жана БУУнун Башкы катчысынын ТӨМ боюнча кеңешчиси Жеффри Сакс тарабынан негизделген.