Өзбекстан STEM долбоору үчүн АӨБдөн 100 млн доллар насыя алат

Борбор Азия Загрузка... 23 Октябрь 2025 15:40
photo_23.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.10.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Өзбекстанга 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлдү. Каражат орто мектептердин 5–11-класстарында илим, технология, инженерия жана математика (STEM- Science, Technology, Engineering, and Mathematics) багытындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жумшалат.

Маалыматка ылайык, долбоор алкагында өлкөнүн 138 районуна караштуу 200 мектеп жаңыланат. Алардын ичинен 13ү Ташкент шаарында жайгашкан.

АӨБнин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канокпан Лао-Арайанын айтымында, долбоор жаштардын заманбап инновациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

«STEM билим берүүнү бекемдөө аркылуу Өзбекстан инклюзивдүү, туруктуу жана дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү келечекке кадам таштоодо», — деди ал.

Долбоордун алкагында мектептер заманбап лабораториялар, маалымат-коммуникациялык технологиялар инфраструктурасы, санитардык-гигиеналык шарттар, күн энергиясы системалары жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн инклюзивдүү жайлар менен камсыздалат. Ошондой эле STEMдин алты багыты боюнча мугалимдерди окутуу жана сабактар аралык интеграцияланган билим берүү ыкмаларын киргизүү каралган.

Мындай долбоорду ишке ашыруу демилгеси 2021-жылы көтөрүлгөн. 2023-жылы адистер 200 мектепти изилдеп чыккан соң, 2025-жылдын 21-октябрында АӨБ тарабынан расмий түрдө жактырылды.