Өзбекстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты

Борбор Азия Загрузка... 30 Январь 2026 10:15
d_30_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.01.26. /Кабар/. Өзбекстан менен Түркия жакынкы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты. Бул тууралуу Анкара шаарында өткөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин төртүнчү жыйынында белгилүү болду. Жыйынга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган төрагалык кылды.

Жолугушуунун Рамазан айынын алдында жана эки өлкөнүн ортосундагы Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин 30 жылдыгынын алдында өтүп жатышынын символдук мааниси белгиленди. Тараптар саясий диалогдун ырааттуу өнүгүп жатканын жана эл аралык маселелер боюнча позициялардын жакындыгын канааттануу менен белгилешти.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жаңы багыттары, артыкчылыктуу соода макулдашуусунун алкагындагы товарлар, аймактар аралык кызматташтык маселелери талкууланды. Айыл чарба, саламаттыкты сактоо, медициналык туризм жана туризм тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында быйыл жаз айларында Бухара шаарында ректорлордун төртүнчү форумун өткөрүү макулдашылды.

Жыйынтыгында өкмөттөргө кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча «жол картасын» бекитүү тапшырмасы берилди. Жыйындын соңунда Шавкат Мирзиёев Режеп Тайип Эрдоганды Өзбекстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.