Ташкент, 02.02.26. /Кабар/. Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Бейбут Атамкуловдун жолугушуусунда эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорт тармактарындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу сооданын туруктуу өсүшү белгиленип, 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 10 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган биргелешкен программанын алкагында кызматташууну кеңейтүүгө даярдык тастыкталды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 4,97 млрд долларды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 11,4 пайызга өскөн. Экспорт 1,55 млрд долларга жетип, 1,2 пайызга көбөйгөн, ал эми импорт 3,4 млрд долларды түзүп, 16,6 пайызга арткан.
Ошондой эле 2026-жылы эки өлкөнүн аймак жетекчилеринин кеңешинин биринчи жыйынын өткөрүү, мындан тышкары «Made in Uzbekistan» жана «Made in Kazakhstan» өнөр жай көргөзмөлөрүн уюштуруу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана туруктуу диалогду улантууга кызыкдар экенин билдиришти.