Ташкент, 19.02.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) билим берүү системасын модернизациялоого жана жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган жалпы суммасы 299 млн долларлык эки келишимге кол коюшту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.
160,25 млн доллар өлчөмүндө каржылана турган биринчи долбоор Өзбекстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк (GPE) мененкызматташтыкта ишке ашырылууда.
Демилге лабораториялар, санариптик инфраструктура жана жаңы эмеректер менен жабдылган 58 заманбап инклюзивдик мектепти курууну камтыйт.
Экинчи келишим Өзбекстандагы негизги транспорттук каттамдардын бири болгон А373 автожолун реконструкциялоого жана модернизациялоого 138,8 млн доллар бөлүүнү карайт.
Долбоорду ишке ашыруу жол жүрүү убактысын 50%га кыскартып, 2030-жылга чейин аны 30 мүнөткө чейин азайтат, ошондой эле жол кырсыктарынын санын 40%га кыскартуу каралган. Учурдагы төрт тилкелүү жолду жаңылоо пландаштырылууда, бул анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатат.
Бул чаралар транспорттун жеткиликтүүлүгүн жана жол коопсуздугун гана жакшыртпастан, сооданы, туризмди жана аймактык интеграцияны бекемдейт, деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, ИӨБ 1975-жылы түзүлгөн, анын негизги максаты ислам каржылоо принциптерине ылайык мүчө мамлекеттердин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.