Өзбекстан менен Финляндия суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Борбор Азия Загрузка... 03 Ноябрь 2025 13:22
M_03_.webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлиги менен Финляндиянын «Finnish Water Forum» уюму суу ресурстары жана экотехнологиялар багытында кызматташуу тууралуу Өз ара түшүнүшүү декларациясына кол коюшту.

Документке ылайык, тараптар суу ресурстарын башкаруу жана коргоо, таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды тазалоо боюнча энергия үнөмдүү технологияларды колдонуу, экологиялык мониторингдин автоматташтырылган онлайн тутумдарын өнүктүрүү жана суу чарба инфраструктурасын жаңылоо сыяктуу багыттарда кызматташууга макулдашты.

Мындан тышкары, декларацияда жер алдындагы суу булактарын коргоо, рационалдуу суу пайдалануу механизмдерин киргизүү, суу үнөмдөө жана санариптик башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Келишим алкагында өзбек жана фин компанияларынын ортосундагы ишкердик жана инвестициялык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле биргелешкен конференциялар, семинарлар жана тренингдерди өткөрүү да пландалууда.

Серепчилердин айтымында, бул декларация Өзбекстан менен Финляндиянын айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү тармагындагы кызматташтыгын жаңы баскычка чыгарат.