Ташкент, 25.02.26. /Кабар/. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Өзбекстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү 25 пайызга өсүп, дээрлик 1 миллиард АКШ долларына жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин жолугушуусунда белгиленди.
Өзбек лидери жогорку даражалуу конокту кабыл алып, Беларусь президенти Александр Лукашенконун жылуу саламын жана жакшы каалоо-тилектерин кабыл алды.
Жолугушууда эки тараптуу көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды. Айрыкча соода-экономикалык багыттагы кызматташтыктын жогорку көрсөткүчтөрү канааттануу менен белгиленди.
Тараптар машина куруу, электр техникасы, фармацевтика, текстиль жана тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жана маданий-гуманитардык алакаларды активдештирүү зарылдыгы айтылды.