Ташкент, 25.02.26. /Кабар/. Өзбекстан менен Афганистан өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, вице-премьер Афганистандын өнөр жай жана соода министри Нуриддин Азизи менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча практикалык чаралар жана афган делегациясынын Ташкентке пландалган сапарын даярдоо маселелери талкууланды.
Жамшид Ходжаев Өзбекстан Афганистан менен болгон достук жана конструктивдүү мамилелерди жогору бааларын белгиледи. Акыркы беш жыл ичинде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2,5 эсеге өсүп, 2021-жылдагы 653 млн АКШ долларынан 2025-жылы 1,7 млрд долларга жеткен.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактар аралык кызматташууну чыңдоо, товарларды илгерилетүү үчүн шоурумдарды жана кампаларды уюштуруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдары менен текстиль өндүрүшү тармагында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар преференциялык соода боюнча келишимдин күчүнө киришин тездетүү жана инвестициялык, өнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду активдештирүү боюнча макулдашышты. Рамазан айынан кийин Кабул шаарында бизнес-форум өткөрүп, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча жол картасын иштеп чыгуу пландалууда.