Ташкент, 30.01.26. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы жылдары кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу Өзбекстанды кызамыктан эркин өлкө макамынан ажыратты. Бул тууралуу Euronews`ка таянып жергиликтүү ЖМКлар кабарлады. Ушундай эле чечим Азербайжан, Австрия, Улуу Британия, Испания жана Арменияга карата да кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөлөрдө 2024-жылы кызамыктын эпидемиясы катталган. Эл аралык эрежелерге ылайык, эгер вирус кайра кайтып келип, бир жылдан ашык убакыт бою үзгүлтүксүз жайылса, өлкө тиешелүү макамын жоготот.
Адистер оорунун жайылышына негизги себеп катары массалык эмдөөнүн жетишсиздигин белгилешүүдө. Натыйжада калктын иммунитети төмөндөп, ооругандардын көпчүлүгү 10 жашка чейинки балдар экени аныкталган.
Белгиленгендей, кызамык Европанын жана Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө кеңири жайылууда. Терс көрсөткүчтөр катталган мамлекеттердин катарына Румыния, Грузия, Россия, Украина, Түркия, Франция, Германия, Польша, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстан кирди.
ДССУ калктын кеминде 95 пайызын кызамыкка каршы эки доза вакцина менен камтууну сунуштайт. Макамды кайра алуу үчүн Өзбекстанга үч жыл ичинде вирустун жайылышын толук токтотуп, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү зарыл.
Эске салсак, Өзбекстан 2017-жылы кызамык жана кызылча толук жоюлган өлкө катары таанылган. Бирок кийин абал начарлап, 2022-жылы 8 учур катталса, 2023-жылы бул көрсөткүч 1026га жеткен. Оору негизинен 1 жашка чейинки, эмделбеген балдар арасында катталган.