Ташкент,13.01.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Өзбекнефтегаз» акционердик коомунун иши менен таанышуу маалында газдын суткалык өндүрүшүн 66 миллиондон 70 млн куб метрге чейин көбөйтүүнү тапшырды. Ошондой эле 2026-жылы кеминде 25,4 млрд куб метр газ өндүрүүнү камсыз кылуу милдети коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууда өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана экономиканын тармактарын үзгүлтүксүз энергия ресурстары менен камсыз кылуу маселеси негизги багыт катары белгиленди. Бул үчүн өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, заманбап технологияларды кеңири киргизүү жана газ тармагында геологиялык чалгындоо иштерин активдештирүү зарылдыгы айтылды.
Маалыматка ылайык, учурда мунай өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүктөрү 70 пайыз гана пайдаланылууда, ал эми экспорттолгон продукция мүмкүн болгон баадан 50 пайызга арзан сатылууда. Мунайды полимердик продукцияга кайра иштетүү кошумча наркты алты эсеге чейин көбөйтөрүн эске алып, иштеп жаткан кубаттуулуктарды толук жүктөө милдети коюлду.
Мындан тышкары, жыйында «Өзбекнефтегаздын» каржылык абалын чыңдоо, тармактагы уурдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү чаралары талкууланды. Компаниянын түзүмүндө төраганын орун басарынын жаңы кызматы киргизилип, мыйзам бузууларды ыкчам аныктоо жана алдын алуу үчүн комплаенс кызматы жана ички антикоррупциялык көзөмөл түзүлдү.