Ташкент, 06.03.26. /Кабар/. Өзбекстан 2026-жылы фармацевтика тармагына кеминде 1 млрд доллар инвестиция тартууну, 2030-жылга чейин ички рыноктогу ата мекендик дары-дармектердин үлүшүн 70 пайызга жеткирүүнү жана беш жыл ичинде экспорт көлөмүн 1 млрд долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Шавкат Мирзиёев фармацевтика тармагында өндүрүштү кеңейтүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери боюнча өткөн жыйында билдирди.
Мамлекет башчысы ишкерлердин сунуштарын колдоп, тармакты өнүктүрүү боюнча жаңы чараларды жарыялады. Ага ылайык, 1-апрелден тарта дары-дармек өндүрүү жана дарылык өсүмдүктөрдү кайра иштетүү боюнча жаңы долбоорлор үч жылга жер, мүлк жана киреше салыктарынан бошотулат. Биологиялык активдүү кошулмалар менен косметика өндүрүүчүлөр үчүн чийки зат жана жабдууларды алып келүүдө бажы төлөмдөрү алынбайт. Ошондой эле чет өлкөлүк бренддерди пайдалануу үчүн төлөнүүчү каражаттарга салынган салык 20 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлөт.
Суроо-талап жогору болгон дары-дармектерди жергиликтүү өндүрүшкө киргизүү үчүн ишканаларга чет элдик валютадагы насыялар 7 пайыздык үстөк менен берилет. Мындан тышкары, Өнөр жай кооперациясы фондунан жеңилдетилген насыялар бөлүнүп, технологияларды өздөштүрүү жана Euro GMP сертификатын алуу чыгымдарынын жарымы мамлекет тарабынан жабылат.
"Tashkent Pharma Park" кластери 100 гектарга кеңейтилип, көбүнчө сырттан алып келинген дары-дармектин 100 түрүн чыгаруу пландалууда. Анын базасында илим менен өндүрүштү айкалыштырган Улуттук биофармацевтика илимий-изилдөө институту түзүлөт.
Ата мекендик өндүрүүчү сертификатына ээ ишканаларга 1-сентябрга чейин локалдаштыруу деңгээлине карабастан мамлекеттик сатып алууларга катышууга уруксат берилет. Ошондой эле жасалма дары-дармектердин мыйзамсыз жүгүртүлүшү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалат.
Белгилей кетсек, акыркы 9 жылда тармакка 1,8 млрд доллар инвестиция тартылып, 140 жаңы өндүрүш ишке кирген. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 300дөн ашуун фармацевтикалык ишкана иштеп, өндүрүш көлөмү 3,5 эсеге өсүп, 7,3 трлн сумдан ($580 млн) ашты. Ата мекендик дары-дармектер 55 өлкөгө экспорттолуп, 40 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн. Рыноктун жалпы көлөмү болжол менен 2,5 млрд долларды түзөт.