Өзбекстан Black Hawk тик учактарын АКШга кайтарды

Борбор Азия Загрузка... 07 Февраль 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-02-06 at 08.52.05.jpeg
copyright icon WWW

Ташкент, 07.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан 2021-жылдын августунда талибдердин чабуулу маалында афган учкучтары Термезге алып өткөн Black Hawk тик учактарынын бир бөлүгүн Америка Кошмо Штаттарына кайтарып берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Вашингтондогу элчилигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Өзбекстанга келип конгон 46 авиациялык техниканын (22 учак жана 24 вертолет) көпчүлүгү республикага берилген. Бирок, Пентагон кызматка жарактуу деп тапкан жети Black Hawk тик учагы АКШга кайтарылган.

Өзбекстандын Вашингтондогу элчилигинде республиканын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгына арналган иш-чарада АКШ коргоо министринин жардамчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Дэвис Флоррик Өзбекстанга узак мөөнөттүү аскердик-техникалык кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

"Ташкенттин колдоосу Афганистандагы эл аралык контингенттин миссияларынын, ошондой эле афган качкындарын эвакуациялоодо жана Афганистандын калкы үчүн гуманитардык жардамды ийгиликтүү уюштурууда негизги ролду ойноду", - деп айтты ал.

Өзбекстандын АКШ жана Канададагы элчиси Фуркат Сидиков Ташкент Вашингтон менен бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Өзбекстандын өкмөтү эки өлкөнүн коопсуздук системалары менен куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жогору баалай турганын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын августунда талиптер басып алуу учурунда 500дөн ашык афган аскери АКШ Афганистандын армиясына берген учактар жана тик учактар менен Өзбекстанга качып өткөн.