Өзбекстан 2030-жылга чейин туристтердин санын 20 миллионго жеткирүүнү көздөйт

Борбор Азия Загрузка... 19 Январь 2026 09:40
17_a (1).jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда 2030-жылга чейинки туризмди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында тармактын ички дүң өнүмдөгү үлүшүн азыркы 3,5 пайыздан 7 пайызга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул максатка жетүү инвестицияларды активдүү тартуу, туристтик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу камсыздалат.

Учурда Өзбекстанга жылына 11 миллиондон ашык чет элдик жаран келет. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 20 млн адамга жеткирүү мерчемделүүдө. Анын ичинде төлөө мүмкүнчүлүгү жогору туристтердин үлүшүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Стратегиялык багыттардын катарында туристтик кызматтардын экспортун жылына 6 млрд АКШ долларынан ашыруу максаты да коюлган.

Туризмди өнүктүрүүдөгү негизги факторлордун бири катары инфраструктураны жаңылоо белгиленүүдө. Туристтик шаарлардын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Жол жүрүү убактысын кеминде үч эсеге кыскартуу каралууда.

Мындан тышкары, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын саны эки эсеге көбөйтүлүп, жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөр кеңейтилет.

Ошондой эле туристтик багыттарды ар түрдүүлөөгө жана аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга өзгөчө басым жасалат.