Өзбекстан 2030-жылга чейин абсолюттук жакырчылыкты жоюуну көздөйт

Борбор Азия Загрузка... 18 Сентябрь 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.09.25. /Кабар/. Өзбекстан жакырчылыкты кыскартуу боюнча алган милдеттемесин мөөнөтүнөн мурда аткарып, 2030-жылга чейин абсолюттук жакырчылыкты толук жоюуну пландап жатат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Наманганда өткөн III эл аралык «Жакырчылыктан бакубат жашоого карай жол» форумунда билдирди.

Форумга Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад ал-Жассир, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инг-Минг Йанг, JICA агенттигинин башкы вице-президенти Сачико Имото, БУУнун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кахе Имнадзе, Дүйнөлүк банктын жакырчылыкты кыскартуу боюнча глобалдык директору Луис Фелипе Лопес-Кальве жана Өзбекстандагы элчилер, анын ичинде Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов катышты.

Мирзиёевдин айтымында, акыркы сегиз жылда өлкөдө адам укуктарын коргоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, кирешени көбөйтүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча ири иштер жасалды. «Жакырчылыкка каршы күрөш мамлекеттик саясаттын даражасына көтөрүлүп, жалпы улуттук кыймылга айланды», – деди ал.

Маалыматка ылайык, 7,5 миллион адам жакырчылыктан чыгарылып, 2024-жылга карата анын деңгээли 8,9%га чейин төмөндөгөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 6%га түшүрүү пландалууда.

Эске салсак, Дүйнөлүк банк абсолюттук жакырчылыктын чеги катары күнүнө 2,15 АКШ долларын белгилейт. Өзбекстанда бул чек минималдуу керектөө чыгымдары менен аныкталат – айына 669 миң сум (≈54,15 доллар), күнүнө 22 миң сум (≈1,78 доллар).