Ташкент, 28.10.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында 2025-жылдагы экономикалык жыйынтыктар жана 2026-жылга карата негизги багыттар талкууланды. Мамлекет башчысы калктын жашоо деңгээли жогорулап жатканын белгиледи: кирешелер 18,4%, депозиттер 35,3%, орточо маяна 19,2% өскөн.
Жыйында жыл аягына чейин ички дүң өнүмдү 135 миллиард доллардан ашыруу милдети коюлуп, келерки жылы экономиканы 6,6%га өстүрүү, ИДПны 150 миллиард долларга жеткирүү жана инфляцияны 7%дан төмөн кармоо милдети коюлду.
Расмий маалыматтарга караганда, быйыл январь–сентябрь айларында экономиканын өсүшү 7,6% түздү. Өндүрүш 6,8%, курулуш 14,2%, кызмат көрсөтүү 14%, айыл чарба 4,1% көбөйгөн.
Алтын-валюта корлору 35%га өсүп, 55 миллиард долларга жетти. Эл аралык рейтинг агенттиктери Fitch Ratings, Moody’s жана S&P Global Өзбекстандын экономикасына оң баа берип, рейтингдерин жогорулатышты.