Өзбек-кыргыз достугу тарых сыноолорунда чыңдалган – өзбек саясатчысы

Коом Загрузка... 17 Июль 2025 11:05
WhatsApp Image 2025-07-15 at 11.15.25.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын мамлекеттик деңгээлде белгилүү Ishonch гезитинде Өзбекстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы, сенатор Кудратилла Рафиковдун "Тарыхтын сыноосунан өткөн чындык. Өзбек менен кыргызды эч ким, эч кандай күч бири-биринен ажырата албайт" деген макаласы жарык көрдү. Төмөндө аталган макаланын мазмунун кыскача сунуштайбыз.

Макалада акыркы жылдарда кыргыз-өзбек мамилелери мурда болуп көрбөгөндөй жаңы деңгээлге көтөрүлүп, коңшу элдердин ортосундагы тарыхый боордоштук бекемделип жаткандыгы баса белгиленет. Бир кезде солгундап кеткен дипломатиялык байланыштар чыныгы саясий эрк жана элдин тилеги менен кайра жанданып, бүгүнкү күндө өз ара түшүнүшүү менен достуктун үлгүсүнө айланып отурат.

Автордун айтымында, мындай оң өзгөрүүлөргө президенттер Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаровдун жеке мамилеси жана саясий чечкиндүүлүгү зор таасир эткен. Айрыкча Өзбекстандын башчысы кызматка келген алгачкы жылдарда эле кыргыз элине карата ачык боордоштук мамиле жасаганы, өзгөчө символдук мааниге ээ болгон Манас айылындагы «Абад кыштак» программасынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар өз ара ишенимдин жанданышын көрсөткөн.

"Эки эл тагдырынын уйкаштыгын, эт менен тырмактай бир экенин далилдеген тарыхый учурлар арбын. Биз көргөн тоскоолдуктар, капачылык, өз ара ишенимсиздик эмне себептен болгону, бул иштер артында кандай күчтөр турганы – баары жакшы белгилүү. Элдер өзүнүн кимдигин, өздүгүн аңдабаса, мындан жаманы жок", - дейт К.Рафиков.

2010–2013-жылдары эки тараптуу дипломатиялык өкүлчүлүктөр үзгүлтүккө учурап, бир топ убакыт Өзбекстан Кыргызстанга элчи дайындабай койгону, ошол эле маалда Кыргызстандын да Ташкенттеги элчилик орду бош бойдон калганы макалада ачык айтылат. Бирок бүгүн бул тоскоолдуктар артта калды.

Макалада өз ара урматтоо, сабырдуулук жана ортодогу көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болгон умтулуш өзгөчө белгиленет. Чек ара, суу ресурстары, миграция сыяктуу маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу – чыныгы боордош элдердин жарашыктуу мамилесинин далили катары бааланат.

2024-жылдын июль айында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары макаладан өзгөчө орун алган. Визиттин алкагында 16 маанилүү документке кол коюлуп, эки өлкөнүн өнөктөштүгү жаңы нукка түшкөн. Президент Мирзиёевдин: "Бизге күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан керек" деген сөзү өзгөчө жылуу кабыл алынып, коомдук пикирде кеңири тараганын Рафиков белгилейт.

Ошондой эле калк арасында жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоолор эки элдин мамилесиндеги өзгөрүүнү айкын көрсөтөт. 2016-жылы өзбек эли жөнүндө терс пикирлер үстөмдүк кылса, 2017-жылдан баштап, Кыргызстан эли Өзбекстанды эң жакын дос өлкөлөрдүн катарына кошуп келет.

Макалада белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өзбек элине карата айткан урмат-сыйын билдирген сөздөрү мисал катары келтирилет:

"Өзбек элинин мамлекет үчүн кылган эмгектерин бир-бир санай берсек, булардын баары башыбызды ийип таазим этишибизге арзыйт... Өзбек маданиятынын Орто Азияга тийгизген таасирин улуу Византия байыркы Руська көрсөткөн таасири менен теңдештиришибиз мүмкүн...", — деп жазган Айтматов.

Макаланын соңунда Кудратилла Рафиков: "Эң негизгиси, мындай иштерде бардыгыбызга мамлекеттерибиздин жетекчилери Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров үлгү болуп келе жатышат", - деген сөздөр менен жыйынтыктайт.