Зардалы айылына президенттин атынан тез жардам унаасы тапшырылды

Аймак 16 Июнь 2025 15:55
506642423_1255709099255876_5000380319895901614_n.jpg
506648056_1255709162589203_5899490973531458887_n.jpg
506650130_1255709215922531_3319146532705617185_n.jpg
506652703_1255709369255849_9198318288098919394_n.jpg
507816393_1255709409255845_6349324270036192602_n.jpg
508098668_1255709289255857_1169241595728969293_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Зардалы айылынын тургундарына президенттин атынан тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Заманбап, толук жабдылган тез жардам унаасын облус башчысы Айбек Шаменов тапшырды.

Облус башчысы менен бирге анын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана Баткен районунун акими Данил Иманалиевдер да барып, элдин турмуш шартынан кабар алышты.

Жетекчилер Зардалы айылына баруучу жаңы жолдун курулушун да көрүштү. Учурда узундугу 17 чакырым болгон жолду жардыруу, кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.

Ошондой эле алар айыл эли менен жолугушуу өткөрүп, алардын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү, туризмди өнүктүрүү маселелерин ортого салышты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында, өзгөчө алыскы айылдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда.

Эске салсак, өткөн жылы айылга өлкө башчысы келип кеткен, андан соң айылга электр энергиясы жана уюлдук байланыш жеткирилген.