Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Дүйнөдө балдардын өлүмүн азайтуу багытындагы жетишкендиктер акыркы жылдары жайлап бара жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ЮНИСЕФ тарабынан даярдалган баяндамада айтылганын, Deutsche Welle кабарлады.
Уюмдардын маалыматына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзүндө 5 жашка чейинки 4,9 миллион бала каза болгон. Анын ичинен 2,3 миллиону жаңы төрөлгөн ымыркайлар. Эксперттердин айтымында, бул өлүмдөрдүн көбүн сапаттуу медициналык жардам менен алдын алууга болмок. Бирок тилекке каршы, саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат барган сайын кыскарып жатат.
2000-жылдан бери 5 жашка чейинки балдардын өлүмү эки эсеге кыскарган. Бирок 2015-жылдан кийин бул көрсөткүчтүн азайышы мурдагыдай ылдам болбой, дээрлик 60 пайызга жайлап кеткен.
Балдардын өлүмүнүн эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Африка өлкөлөрүндө катталууда. Жалпы өлүмдүн 58 пайызы бул аймакка туура келет. Ал эми Түштүк Азиянын үлүшү 25 пайызды түзөт.
Изилдөөдө белгиленгендей, 2024-жылы каза болгон балдардын кеминде жүз миңи тамак-аш жетишсиздигинен (ачарчылыктан) жабыркаган. Чынында бул сан андан да көп болушу мүмкүн. Анткени туура эмес тамактануу баланын иммунитетин алсыратып, башка ооруларды жеңилирек жуктуруп, оор өтүшүнө алып келет.
Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири - мөөнөтүнөн мурда төрөлүү (36%) жана төрөт маалындагы көйгөйлөр (21%). Ал эми балдар бир айдан кийин көбүнчө жугуштуу оорулардан, анын ичинде безгек (малярия), ич өткөк жана пневмония сыяктуу оорулардан каза болушат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эмдөөнү, туура тамактанууну камсыздоону жана сапаттуу акушердик жардам көрсөтүүнү эң натыйжалуу чара катары белгилейт. Бул ыкмалар арзан жана натыйжалуу экени буга чейин далилденген.
Ошол эле учурда 2024-жылы 5 жаштан 24 жашка чейинки 2,1 миллион бала, өспүрүмдөр жана жаштар каза болгон.
Адистердин айтымында, балдардын өлүмүн азайтуу үчүн эң негизгиси - сапаттуу медициналык жардамга жетүүнү жеңилдетүү керек. ЮНИСЕФ уюмунун жетекчиси Кэтрин Рассел дүйнөдө бул тармакка бөлүнгөн акча азайып жатканы кооптуу жагдай экенин белгилейт.
Анын сөзүнө караганда, азыркы заманда алдын алса боло турган оорулардан бир да бала каза болбошу керек. Бирок акыркы учурда балдардын аман калуу көрсөткүчү мурдагыдай тез өспөй, жайлап баратканы тынчсыздандырат.