Ысык-Көлдө ЖОЖдордун миңге жакын студенти окуудан чыгарылды

Укук тартиби Загрузка... 22 Июль 2025 10:16
Ucheba.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагындагы жогорку окуу жайларында окуган миңге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарын эске албаган студенттер аныкталган.

Тактап айтканда, 2024-2025-жылдагы окуу мезгилиндеги 941 студент окуудан чыгарылган. Анын ичинен:

  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен - 779 студент;
  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент;
  • И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен - 48 студент.

УКМК жер-жерлерде билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында иштерди улантууда.