Ысык-Көлдөн жол эрежесин бузган Lamborghini Бишкекте кармалды

Укук тартиби Загрузка... 01 Август 2025 08:55
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдөн жол эрежесин бузган Lamborghini Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда Lamborghini үлгүсүндөгү унаа Ысык-Көл облусунун аймагында каршы тилкеге чыгуу менен жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратып жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча ЖКККББ кызматкерлери унааны издеп таап, каршы тилкеге чыккандыгы жана башка унаалардын жүрүү кыймылына тоскоолдук жараткандыгы үчүн 16 миң сом айып салды.

Ошондой эле айдоочуга ушундай одоно жол эрежелерин бузган айдоочулар 1-сентябрдан тартып кайрадан экзаменге жөнөтүлөрү эскертилди.