Ысык-Көлдөгү сел: Дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 8 июнь 2026 09:10
Ысык-Көлдөгү сел: Дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында сел жүргөн аймакта издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар тарабынан өспүрүмдүн сөөгү 8-июнга караган түнү саат 03:00 чамасында табылган.

Өспүрүмдүн сөөгү тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.