Ысык-Көлдө жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Аймак Загрузка... 04 Апрель 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ысык-Көл электр тармактар ишканасы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери  10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, ишкана керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу максатында акылдуу эсептегичтерди  орнотуу иштерин улантууда.

2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 55923 акылдуу эсептегич  орнотуу пландалган.

Анын ичинен:

- Жети-Өгүз РЭТине 15600;

- Балыкыч РЭТине 8700;

- Ак-Суу РЭТине 10700;

- Каракол РЭТине 2223;

-Чолпон-Ата РЭТине 8100;

- Тоң РЭТине 10600 даана акылдуу эсептегичтер орнотулат.

Ал эми 2025-жылдын  январь айынан бери  облус боюнча 10 миң 333 акылдуу эсептегич орнотулду. Калгандары толугу менен жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.

Акылдуу эсептегичтер:

  • реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
  • электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет;
  • эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
  • дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;
  • үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат;
  • берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
  • коррупцияны жоюуга жардам берет;
  • электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишкнасы боюнча 15091 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду. Анын ичинен12 миң 590 даана Түп районуна орнотулган.