Бишкек. 05.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө сел жүрүп, унаа жолу жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл районунда саат 21:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун болжол менен 94-чакырымын каптап, 2 унааны агызып кеткен. Жол убактылуу эки тараптуу жабылды.
Учурда жеринде жалпы 73 адам, ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, тез жардам кызматынан 8 кызматкер жана жолду тазалоого жалпы 24 техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.