Ысык-Көлдө салыкчылар арасында спартакиада башталды

Спорт 2 май 2025 14:42
DSC05551.jpg
DSC05259.jpg
DSC05402.jpg
DSC05444.jpg
DSC05459.jpg
DSC05461.jpg
DSC05089.jpg
DSC05058.jpg
DSC05039.jpg
DSC05001.jpg
DSC04990.jpg
DSC05562.jpg
Алдыга
Артка
DSC05551.jpg
DSC05259.jpg
DSC05402.jpg
DSC05444.jpg
DSC05459.jpg
DSC05461.jpg
DSC05089.jpg
DSC05058.jpg
DSC05039.jpg
DSC05001.jpg
DSC04990.jpg
DSC05562.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 02.05.25. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин арасында спартакиада старт алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ачылышт аземине салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов, ошондой эле мелдештин катышуучулары катышты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов өз сөзүндө бул жылы спорттук иш-чара Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулуп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал салык системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү менен байкалган олуттуу натыйжаларды берип жаткандыгын баса белгиледи.

Мирлан Рахмановдун айтымында, бул иш-чара корпоративдик рухту, сергек жашоо образын түзүүгө жана Салык кызматынын жамаатында позитивдүү маанайды калыптандырууга багытталган.

Белгилей кетсек, спартакиада 2-3-май күндөрү өтөт. Ага бардык аймактык салык органдарынан жана Салык кызматынын борбордук аппаратынан 12 командага бириккен 360тан ашуун кызматкер катышат.

Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт: жеңил атлетика, волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, аркан тартыш жана бильярд.