Ысык-Көлдө масштабдуу Экофорум болуп өттү

Экология Загрузка... 19 Февраль 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун суу ресурстарын коргоо жана көзөмөлдөө боюнча биринчи Экофорум өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чара мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн, экология тармагындагы эксперттерди, коомдук уюмдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бириктирип, Кыргызстандын кайталангыс табигый мурасын сактоо боюнча стратегиясы иштелип чыкты.

Форумдун алкагында Ысык-Көлгө зыяндуу таасирди азайтуу жана саркынды сууларды тазалоо боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгуу менен алектенген жумушчу топ түзүлдү. Ошондой эле аймактагы экологиялык көзөмөлдү күчөтүү демилгеси да сунушталды. Спикерлер көл үчүн негизги көйгөйлөрдү, ошондой эле суу тазалоонун заманбап технологияларынан тартып мыйзам чыгаруу демилгелерине чейин аларды жеңүү жолдорун талкуулашты.

Аталган форумдун жыйынтыгында Кыргызстан Түштүк Кореядан Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине тазалоочу жай курууга гранттык колдоо алды. Ошондой эле кореялык ECO Start компаниясы менен SKY Tunuk жана Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Атай кетсек, форумду Ысык-Көл облустук администрациясы SKY Tunuk компаниясы менен биргеликте уюштурган.