Чолпон-Ата ипподрому Көчмөндөр оюндарынын музыкалык аянтчасы болот — Кабар

Чолпон-Ата ипподрому Көчмөндөр оюндарынын музыкалык аянтчасы болот

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 15:20
Чолпон-Ата ипподрому Көчмөндөр оюндарынын музыкалык аянтчасы болот
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 1-4-сентябрь күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт. Бул тууралуу оюндардын медиа штабы билдирет.

Фестивалдын негизги маданий жана музыкалык иш-чаралары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында уюштурулат.

Иш-чарага дүйнөнүн төрт континентинен — Европа, Азия, Америка жана Африкадан келген өнөрпоздор катышат. Жалпысынан 20 өлкөдөн 21 конкурсант 42 чыгармачылык номер тартуулайт.

Фестивалдын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 1-сентябрда саат 20:00дө өтөт. Анын алкагында дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан көчмөндөрдүн маданиятын жана рухун алып келген “Биримдик кербени” уюштурулат.

  • 2-сентябрь — “Этно-хит” күнү. Анда катышуучулар улуттук музыкалык мурастарын тартуулашат.
  • 3-сентябрь — “Дүйнөлүк хит” күнү. Бул күнү дүйнөгө белгилүү чыгармалар улуттук музыкалык өзгөчөлүктөр менен аткарылат.
  • 4-сентябрда фестивалдын чоң финалы өтөт.

Анда сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. Финалдык кече кыргызстандык жана дүйнөлүк сахнанын жылдыздарынын концерти менен жыйынтыкталат.

Фестивалдын билеттерин nebs.gov.kg сайты аркылуу онлайн сатып алууга болот. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы ат майданынын чыгыш жана батыш тарабында жайгашкан эки сатуу түйүнүндө сатылууда.