Ысык-Көлдө 24 жаштагы жигиттин өлүмү. Милиция кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби Загрузка... 19 Август 2025 10:31
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү эс алуу жайында 24 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

WhatsApp Image 2025-08-19 at 10.29.26 (1).jpeg

Анда белгиленгендей, 16-августта болжол менен саат 10:25 чамасында Ысык-Көл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Атадагы эс алуу жайларынын биринде 2001-жылы туулган А.А. аттуу жигит каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Териштирүүдө маркум кесиптештери менен Бишкек шаарынан көлгө эс алууга келгендиги, эс алуу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен өз ара пикир келишпестиктен улам жаракат алып, кийинчерээк каза болгону аныкталды.

Окуя болгон жерден далил буюмдар табылып алынды. Аталган факттын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ага ылайык, шектүү катары 14, 17 жана 19 жаштагы үч жарандын өздүгү аныкталып кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Соттун чечими менен алар эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.