Ысык-Көлдө 18 жаран радикалдуу көз караштан баш тартты

Укук тартиби 2 февраль 2026 18:35
Ысык-Көлдө 18 жаран радикалдуу көз караштан баш тартты
copyright icon УКМК

Бишкек, 02.02.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө "Йакын Инкар" диний-экстремисттик уюмунун 18 мүчөсү жашаган даректе тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тинтүү иштеринин натыйжасында кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын жашаган даректеринен экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле уюлдук телефондор табылып, алар расмий түрдө материалдык далил катары алынды.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында аталган "Йакын Инкар" ДЭУнун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан баш тартышты.

УКМК тарабынан учурда тергөө-ыкчам иш-чараларын уланууда.