Ысык-Көл районунун акими соттун чечими менен камакка алынды

Укук тартиби Загрузка... 18 Август 2025 17:55
WhatsApp_Image_2025_y85FrYV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынды.

Аталган райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сот ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндөгү өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Жапарбек Ормонов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) 2-бөлүгү боюнча айыпталууда.

Ормонов район акими болуп эки жыл мурда дайындалган.