Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун өкүлдөрү кыргыз элинин салттуу каада-салттарынын бири — баланы бешикке салуу жөрөлгөсүн көрсөтүштү.
Жөрөлгөнү көрсөтүүнү Ананьево айылынын шайыр апалары аткарышты. Алар кыргыз элинде илгертен бери сакталып келген бешикке салуу салтынын өзгөчөлүктөрүн тааныштырышты.
Шайыр апалардын бири, ардагер мугалим Бурул Жунушева бул иш-чара аркылуу кыргыз элинин байыркы салттарын элге кеңири таанытууга аракет кылып жатышканын белгиледи.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.