Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

Загрузка... 03 Март 2025 13:09
zher-titiroo.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Бүгүн саат 12:05 Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө, Тоң районунун Туура-Суу жана Ала-Баш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.