Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Кырсык Загрузка... 24 Март 2025 15:34
485878289_1055288599977199_4426567262979735944_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Бүгүн саат 12:17де Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынан чыгышка карай 20 чакырым, Кызыл-Жар айылынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Караол шаарынан түндүк-чыгышка карай 72 чакырым аралыкта жайгашып, Жыргалаң айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.