Ысык-Атада 200 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 2 октябрь 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.08.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.18.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.17 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.17.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.16.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-02 at 10.14.15.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районун аймагында – жалпы аянты 200 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилкелери 1992-1994-жылдары муниципалдык менчиктин балансынан мыйзамсыз чыгарылып, ушул убакка чейин жергиликтүү тургундар тарабынан иштетилип келгени аныкталган.

Ошол эле учурда жергиликтүү жетекчилер жана кызматкерлер көп убакыттан бери жер тилкелерин муниципалдык же мамлекеттик менчикке алып коюунун милдеттүү жол-жоболорун аткарбай туруп, жеке жактарга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн конкурссуз негизде колдонууга берип келишкен. Мындан улам мамлекетке милдеттүү түрдө төлөнүүчү ижара акылары төлөнбөй калган.

Эсепке алынбаган жерлердин учурдагы базар баасы 1 миллиард 73 миллион 248 миң сомду түзөт.