Бишкек, 15.01.26 /Кабар/. Япониянын жээктеринде 5,7 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы метеорологиялык башкармалыгы билдиргенин Риа Новости кабарлайт.
Анда белгиленгендей, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:13тө Хоккайдо префектурасына караштуу Кусиро шаарына жакын аймакта болуп, очогу 30 чакырым тереңдикте жайгашкан.
“Цунами коркунучу жок. Жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат азырынча түшө элек”,-деп айтылат маалыматта.