Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити 8-февралга белгиленген парламенттин төмөнкү палатасына шайлоонун алдындагы дебаттарда, эгер анын Либералдык-демократиялык партиясы (ЛДП) менен "Япониянын жаңылануу партиясынын" коалициясы көпчүлүк добушка ээ болбосо, кызматтан кетерин убада кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Төмөнкү палата таркатылгандан кийин өкмөттүн рейтинги төмөндөп жаткандыгы тууралуу суроого Такаити мындай деп жооп берди:
"Мен кооптонууну сезген жокмун! Адатта парламент таркатылгандан кийин өкмөттүн рейтинги бир топ төмөндөйт, ошондуктан биздики анча деле көп түшкөн жок деп эсептейм. Бирок, бул ирет ЛДП утулуп калса, анда мен премьер-министр болбойм жана каалаган саясатымды ишке ашыра албайм. Эгерде ЛДП жана "Япониянын жаңылануу партиясы" добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, мен дароо отставкага кетем. Ошондуктан азыр тишимди кысып болсо да аракет кылам. Көңүлдүү жана жигердүү иштейбиз".
Акыркы сурамжылоолорго ылайык, Такаитинин өкмөтүнүн рейтинги 60 пайыз деңгээлинде — жогору бойдон калууда. Бирок, сурамжылоонун түрүнө жараша 4 пайыздан 10 пайызга чейин төмөндөө байкалган.
Белгиленгендей, Япониянын парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо 8-февралда өтөт.