Бишкек, 30.07.29. /Кабар/. Япониянын калкы 42 жылдан бери биринчи жолу 120 миллиондон төмөн түштү. Бул тууралуу БелТА Анадолу агенттигине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө жашаган япон жарандарынын саны мурунку жылга салыштырмалуу 917 миңге азайып, 119 млн 736 миң 483кө жеткен.
Япониянын Ички иштер жана коммуникация министрлигинин статистикасына ылайык, өлкөдө жапон жарандарынын санынын рекорддук жылдык эң чоң төмөндөшү катталды. 42 жылдан бери биринчи жолу алардын саны 120 миллиондон төмөн түштү.
917 миңге чейин азайышы 1968-жылдан берки эң чоң көрсөткүч болду, ошондо өлкөдө расмий статистика жүргүзүү башталган.
2025-жылы Японияда болжол менен 670 миң адам төрөлгөн, ал эми каза болгондордун саны болжол менен 1,6 миллионду түзгөн.
Ошол эле учурда, Японияда туруктуу жашоого уруксаты бар чет элдик жарандардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 354 миңге көбөйүп, 4 миллиондон ашты.
Чет элдик жарандарды кошкондо, Япониянын жалпы калкынын саны 123 млн 767 миң 642 адамды түздү.
Калктын азайышын коомдун картайышы жана төрөлүү көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү менен байланыштырышууда.